Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Чет өлкөлүк жарандар укуктук борбордон жардам алышат


БИШКЕК. Шаардык ички иштер башкармалыгында чет өлкөлүк атуулдарга укуктук жактан жардам көрсөтүү борбору ачылды. Ал милициянын түзүмүнө кирбейт жана чет өлкөлүк атуулдар менен милициянын укук коргоо жаатында кызматташуусун чыңоо үчүн түзүлдү. Борборго чет өлкөлүк бардык атуулдар кайрылып, кызматын бекер көрөт. Чет мамлекеттиктерге кыскача таржымалы, кооптуу учурда кандай чара көрүү керектиги жазылып, сүрөтү чапталган коопсуздук баракчасы берилет. Азыр Бишкекте 30 миңден ашуун чет өлкөлүктөр жашайт. Бишкек ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча, аларга каршы жылына 100дөн ашуун кылмыш жасалат жана анын көбү алардын буюмдарын уурдоо жана тоноо болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG