БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган делегация Ташкенге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары кеңешинин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, саммиттин күн тартибинде уюмдун алкагында кызматташуу боюнча көп тармактуу маселелерди кароо, бир катар документтерге кол коюу бар. Саммит маалында президент Аскар Акаев Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао, Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушаары белгиленген.