Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Брюсселде Грузия боюнча конференция ачылды


Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солана Грузия өкмөтү коррупция менен күрөштө жана жакырчылыкты кыскартууда чоң жылыш жасап жатат деп билдирди. Солана бүгүн Брюсселде өлкөнүн премьер-министри Зураб Жвания менен жолугушту.
Ушул эле күнү донор өлкөлөрдүн Грузия боюнча конференциясы ачылды. Эки күндүк жыйын Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду тарабынан уюштурулууда.

Конференцияга дүйнөнүн эң ири донорлору – Евробиримдиктин мүчөлөрү, АКШ, Япония жана Россиянын өкүлдөрү катышууда. Жыйынды ачып жатып, Европарламенттин төрагасы Крис Паттен эл аралык коомчулук учурдан пайдаланып Грузияга көмөк көрсөтүүгө тийиш деген оюн ортого салды:

-Биз жардам бербей туруп, реформалардын ийигилигин күтүп отуралбайбыз. Грузияга чын ыкластан жардам беришибиз керек, себеби алдыдагы 3 жыл өлкөнүн келечек багыты үчүн эң маанилүү.

Тбилисинин айтымында, донорлордун жардамы коомдук башкаруучулук, тартип коргоо тармагындагы реформаларга, энергетика жана социалдык секторлорго жумшалмакчы.

Кечки жаңылыктарды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG