Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Ирактын түштүгүндө бүгүн дагы бир мунай кууру жардырылды


Буга чейин дагы эки куур керектен чыгарылган эле. “Эми Басра мунай терминалына кара май жеткирүү таптакыр токтоп калды”, деп билдирди Түштүк мунай компаниясынын басма сөз өкүлү. Анын айтымында, куурду калыбына келтирүү үчүн кеминде 1 жума керек.

Ал эми Киркук шаарында улуттук мунай компаниясынын жогорку жетекчилеринин бири атып өлтүрүлдү. Гази Талабани Ирактын эң ири мунай иштетүүчү компаниясында кеңешчи болуп эмгектенчү. Аны менен бирге ал түндүктөгү мунай инфраструктурасынын коопсуздугу үчүн да жооп берчү.

Талабани ушул айдын ичинде өлтүрүлгөн үчүнчү расмий адам болуп калды. Өткөн аптада билим берүү министрлигинин департамент жетекчиси жана тышкы иштер министринин орун басары киши колдуу болушкан эле.

XS
SM
MD
LG