Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

11-сентябрдагы окуяларды иликтеген комиссия жаңы отчетун жарыялады


11-сентябрь окуяларын иликтеп жаткан америкалык комиссия Ирак АКШга каршы чабуулдарын ишке ашырууда “Ал-Каидага” көмөктөшкөн дешке ишеничтүү далилдер жок деп билдирди.

Комиссиянын отчетунда “Ал-Каиданын” анабашы Усама бин Ладен 90-жылдардын башында Суданда жүргөндө Багдад менен мамиле түзгөн болушу мүмкүн деп айтылат. Бин Ладен Ооганстанга кайтып келгенден кийин да Ирак менен байланыштарын уланткан. Бирок ошол мамилелерди кызматташтык деп атоого негиз жок, - деген жыйынтыкка келет комиссия.

Президент Буштун администрациясы Иракка каршы согуш баштоонун бир жүйөөсү катары Бин Ладен менен Багдад ортосундагы байланыштарды атап келген. Бирок Ирактын 11-сентябрь окуяларына түздөн түз тиешеси бар деп айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG