Шаардын көчөлөрүнө чыккан бир нече миңдей киши президент Роберт Кочаряндын тышкы жана экономикалык саясатын айыпташты. Оппозиция лидери Степан Демирчяндын айтымында, ырасмий бийлик Ереванга келген ПАСЕнин делегациясына демократиялык реформаларды өткөрүп жаткандай таасир калтырганга аракет кылды, бирок иш жүзүндө абал теңирден тескери.