Президент Жорж Буш муну ырасмий түрдө ырастады. НАТОнун чегинен тышкары АКШнын башкы союздашы деген статуска буга чейин Австралия, Бахрейн, Израил, Түштүк Корея жана Марокко ээ болгон. Алар менен бирге эми Пакистанга да америкалыктардан курал-жарак сатып алганга жеңилдиктер берилет.