Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн башкы колбашчысы ырастагандай, сентябрдагы шайлоого чукул түндүктөгү Балх жана Фарьяб провинцияларына кошумча аскер күчтөрү киргизилет. Ушу тапта НАТОнун алты миңдей аскери Кабулда, ал эми Кундуз провинциясында немецтердин чакан бөлүгү жайгаштырылган.