КАРАКОЛ. Ысыккөл районунун акими Жангазы Акматовдун айтымында, быйылкы жайкы эс алуу күндөрү башка жылдардан кыйла айырмаланат. Атап айтканда, эс алуучу жана ден-соолук чыңдоочу жайлардын сапаты, деңгээли жогорулап, даярдыктар эс алуучулардын санына эмес, төлөгөн каражатына жараша көрүлүүдө. Маселен, бөлмөлөр, коттедждер мурда 5 доллардан 9 долларга чейин эле бааланса, мындан ары 15 доллардан кем болбойт. Келечекте 200-300 долларга турган эс алуучу бөлмөлөр эл аралык стандарттын деңгээлине жеткирилет. Дээрлик көпчүлүк жайларга эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилип, аны тастыктаган паспорттор тапшырылды. Ысыккөлдөгу пансионаттарга эс алуучулардын алгачкы толкуну келе башташты.