Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө


ОШ. 17-июндагы маалымат боюнча СПИД илдетин пайда кылчу ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын саны 263төн 275ке өстү. Кийинки 12 бейтаптын баарысы тең маңзат сайынган эркектер. Алар илдетти ийне менен жугузуп алышкан.

Ош облустук СПИД борборуна анализдер түрдүү кырдаалда тапшырылган. Экөөнүкү баңгилерге ийне алмаштыруу иш чарасы өткөрүлүп жаткан учурда алынган, үчөө Жалалабад түрмөсүнөн чыгып келип текшерилишкен, экөө Оштогу СИЗОдо жатып, СПИД борборунун лабораториясына текшерилир көрүүнү суранышкан. Калгандары кургак учук жана башка жугуштуу ооруларды текшерүү учурунда табылган.

Ош облустук СПИД борборунун лабораториясынын тыянагы Бишкектеги СПИД бирикмесинен тастыкталды.

XS
SM
MD
LG