Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Дагестандан делегация келет


БИШКЕК. 18-19-июнь күндөрү Бишкекке Орусия Федерациясынын курамындагы Дагестандын өкмөттүк делегациясы келет. Аны Дагестан өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Низами Казиев жетектейт. Делегация премьер-министр Николай Танаев, экономикалык өнүгүү жана тышкы соода министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев, айыл, суу чарба министри Александр Костюк менен жолугушат. Андан тышкары бир катар өнөр жай ишканаларында болот, Кыргызстандын дагестан улутундагы атуулдары менен да кездешет.

Визит маалында Кыргызстан менен Дагестандын ортосунда экономика, илим, техника жана маданият тармагында кызматташуу жөнүдөгү макулдашууга кол коюлаары күтүлүүдө. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG