Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Акаев Астанага барат


БИШКЕК. Эртең Астанада Евразия экономикалык шериктештиктин (ЕврАзЕс) мамлекеттер аралык кеңешинин 10-отуруму жана жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) сессиясы болот. Мамлекет башчылардын деңгээлиндеги бул жыйындарга Кыргызстандан президент Аскар Акаев жетектеген делегация катышканы жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ЕврАзЭстин мамлекеттер аралык кеңешинде экономикалык интеграцияны тереңдетүүнүн урунттуу өңүттөрү талкууланат.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында аймактагы аскерий-саясий кырдаал, эл аралык коопсуздукту сактоодогу уюмдун жасап жаткан иштери, максаттары боюнча пикир алмашуу болот.

Бул жолугушууда ошондой эле, саясий-аскерий жана уюштуруу-каржылык маселелер боюнча чечимге, жашыруун маалыматтарды сактоону камсыздоо тууралуу макулдашууга кол коюлаары болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG