БИШКЕК. Сентябрь айында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын премьер-министри Вэн Дзябаонун келиши болжолдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» транспорт жана байланыш министри, биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, Кытай өкмөт башчысынын сапарынын учурунда эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүүчү тынчтык келишимине кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкен саммитинин алкагындагы жолугушуусунда сөз болду.
Жолугушууда премьер-министрдин расмий сапарына байланышкан камылгалар да талкууланды.
Буга чейин Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн бири Кыргыз-Кытай мамлекеттик чегарасын делимитацилоо жана демаркациялоо иштеринин бүткөндүгү тууралуу документтерге премьер -министрлердин деңгээлинде кол коюу аракети көрүлүп жаткандыгын кабарлаган.
Эки мамлекеттин ортосундагы мамлекеттик чегара жөнүндөгү келишимге 1996-жылы кол коюлуп, аны кыргыз парламенти узак талаштан кийин, 2002-жылы ратификациялаган.