Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Президенттик шайлоого добуш бериш үчүн 4 миллион оогандык катталды


КАБУЛ. Бириккен улуттар уюму билдиргенге караганда, президенттик шайлоодо добуш бериш үчүн 4 миллион оогандык катталды. Ооганстандын президенти Хамид Карзай сентябрда болчу президенттик шайлоого калктын жок дегенде үчтөн экиси катышуусун максат кылууда. Бириккен улуттур уюмунун өкүлү Маноэл де Алмоида билдиргенге караганда, бүгүнкү күнгө 3 миллион 950 миң шайлоочу катталды. Бул деген Ооганстанда демократиялуу шайлоо болот деген ишенимди жаратат.

Бириккен улуттар уюмунун өкүлү шайлоо алдындагы Ооганстанда коопсуздук камсыз кылыш үчүн НАТОнун аскери күчтөрүнө үмүт чоң экенин белгиледи. Сентябрда болчу шайлоолордо Ооганстандын 10 млн. атуулу добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG