Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен кийин болгон маалымат жыйынында Владимир Путин ушундай деп билдирди. Орусия президентинин айтымында, ЮКОС учурда мамлекетке канча карыз экени саналып атат. “Эгер мыйзам жол берсе орус өкмөтү бул компанияны жок кылбаганга аракет кылат” деди Владимир Путин. Мамлекет башчынын бул сөзүнөн кийин дароо Орусиянын соода системасындагы ЮКОСтун акциялары 25 пайызга көтөрүлгөнү, ал эми баалуу кагаздарынын баасы 6 доллардан 8 долларга кымбаттаганы маалым болду.
Эскерте кетели, Михаил Ходорковкий менен Платон Лебедевге Орусинын башкы прокуратурасы кылмыш кодекстин 7 беренеси боюнча айып тагууда.
Эскерте кетели, Михаил Ходорковкий менен Платон Лебедевге Орусинын башкы прокуратурасы кылмыш кодекстин 7 беренеси боюнча айып тагууда.