Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:23

11-сентябрдагы окуяларга Ирактын катышканы аныкталган жок


2001-жылы 11-сентябрдагы трагедияны иликтеген АКШдагы көз карандысыз комиссиянын соңку угуулары болду. Комиссия кечээги отурумунда “ал-Каидага” террордук чабуулду уюштурууга Ирак жардам берген эмес деген жыйынтык чыгарган. Көз карандысыз иликтөөлөрдө “Усама бин Ладен 10 жыл мурда Саддам Хусейндин колдоосуна ээ болууга аракет кылган, бирок анысынан майнап чыккан эмес” деп жазылган.

Комиссиянын мүчөсү, бир учурда Американын Борбордук чалгындоо кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген Дуглас МакЭкин мындай дейт:

- Биз Америкага каршы чабуулду уюштурууда Ирак менен "ал-Каиданын" кызматташканын далилдеген бир да илинчек таба алган жокпуз.

11-сентябрдагы трагедияны иликтеген көз карандысыз комиссия АКШнын коргонуу тармагы абадан кол салууларга даяр эмес болчу, ошол учурда өзүн өзү жоготуу менен жанкечтилер айдай качкан бир да учакты токтото алышкан эмес деген жыйынтыкка келди.

XS
SM
MD
LG