Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Маскөөдө ЮКОС компаниясына байланыштуу сот башталды


Маскөө шаарынын соту бүгүн ЮКОС компаниясы менен байланыштуу ишти карай баштады. Салык министрлиги компанияны - салык төлөөдөн качкан деп күнөөлөп, кошумча 3 миллиард 400 миллион доллар төлөөнү талап кылган. ЮКОСтун жетекчилигинин айтымында, мынча каражат төлөнсө, компания кудуретсиз болуп чыгат. Анткен менен май айында кабыл алынган сот өкүмү боюнча, ЮКОСтун мүлкүн конфискациялоого тыюу салынган. Компаниянын башчысы Михаил Ходорковский былтыртан бери камакта.

XS
SM
MD
LG