Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Ооган туткунун сабап өлтүргөнү үчүн америкалык адиске каршы расми күнөө коюлду


Ооган президентинин жардамчысы Мохамед Омар Даудзайдын айтымында, ооган туткундарын кыйнаган америкалык адис жазаланып жатканы өлкөдө тартип орнотууга көмөктөшөт. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын кызматкери Дэйвид Писсарого каршы кечээ күнү Америкада расми күнөө коюлду. Ал туткунга түшкөн Абдул Вали аттуу адамды 2003-жылдын июнунда сабап өлтүргөн жана башка туткундарды дагы кыйнаган деп күнөөлөнүүдө. Писсаро эми 40 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылып, 250 миң доллар айып төлөөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG