Пакистан бийлигинин айтымында, кечээ күнү Түштүк Вазиристан дубанында уюштурулган чабуул учурунда "ал-Каида" менен байланышкан жергиликтүү аскербашы Нек Мухамед өлтүрүлдү. Ал мурда Талибандын жоокери болгон. Пакистан армиясы акыркы апталарда Түштүк Вазиристанда жүргүзгөн аскерий аракеттерден 72 адам өлтүрүлдү. Өкмөттүн айтымында, дубанда жүздөгөн чет өлкөлүк жоокер жашынууда, алардын көпчүлүгү арабдар жана оогандар. Борбор Азиядан келгендер да бар.