Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иранды сындаган резолюция кабыл алды


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башкармалыгы бүгүн Вена шаарында өткөн жыйынында Ирандагы абалды талкуулап, атайын резолюция кабыл алды. Анда өлкөнүн өзөктүк программаларынын абалын текшерүү иштерин Тегеран агенттик менен жетиштүү деңгээлде жүргүзбөй жатканы сынга алынат, бирок Иранга каршы кандайдыр бир чектөө жарыялоо сунушу жок. Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеинин айтымында, маселени жакын арада чечиш керек:

- Башкармалык ачык айтты - бул маселелер келерки бир нече айдын ичинде чечилип бүтүүгө тийиш. Мен мурда да көп айткам, маселени толук карап, аны биротоло чечиш керек жана башкармалык ага макул болду.

Өзөктүк курал чыгарууга ниеттенет деп Тегеранды Вашингтон көптөн бери күнөөлөп келет. Иран жетекчилигинин айтымында болсо, бардык изилдөөлөр аскерий эмес гана максатта жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG