Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Путиндин айтымында, Саддам АКШга каршы террор уюштурууга аракеттенген


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Астанадан атайын билдирүү жасап, Иракка каршы согуш башталаардан мурда Саддам Хусейндин өкмөтү АКШга каршы террор аракеттерин уюштурууга даярданган деп жарыялады:

-2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин жана Ирактагы согуш башталганга чейин Ирактын расми бийлиги АКШга каршы анын аймагында жана андан тышкары дагы террордук аракеттерди уюштурууга даярданууда деген бир нече маалымат Орусиянын чалгындоо кызматтарына тийген.

Путиндин айтымында, ал маалыматтар Вашингтонго жиберилген, бирок кайсы бир ишке ашырылган террордук чабуулдун артында Ирак чындап эле турганы жөнүндө маалымат болгон эмес. Ага карабастан, Орусия баары бир Ирак согушун баштоого каршы чыккан жана азыр дагы андай көз карашын өзгөрткөн жок.

XS
SM
MD
LG