Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Алматыда Евразия өлкөлөрүнүн театр фестивалы аяктады


БИШКЕК. Алматыда биринчи жолу өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн фестивалына 15тен ашуун эң мыкты театрлар чакырылып, алар өздөрүнүн түрдүү жанрдагы спектаклдерин көрсөттү. Театр фестивалы «өнөр тили аркылуу маданий интеграция» деген ураандын негизинде өтүп, Батыш-Чыгыш маданий диалогуна көпүрө салды. Бул фестивалдын негизги уюштуруучуларынын бири, швейцариялык атактуу режиссер жана актер Маркус Цонер анын негизги максаты жана багыты тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

- Алматы Борбор Азиянын маданий чордонуна айланып баратат. Ал бүгүн дүйнөнүн түрдүү бурчтарынан келген ар кандай багыттагы немец, казак, жапон, кытай, орус, кыргыз жана башка тилдеги театрлардын башын гана бириктирбестен, дилин да бириктирди. Фестивалдын негизги максаты да ушу. Келечекте Алматы Евразия өлкөлөрүнүн театр борборуна айланат деген ишеними чоң.

Фестивалдын алкагында Евразия чөлкөмүндөгү Германиянын, Чехиянын, Болгариянын, АКШнын, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн театрлары өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрсөттү.

Кыргызстандан "Тунгуч" театры катышып, "Ханышанын көз жашы" спектаклин көрсөттү. Бул фестиваль Евразия чөлкөмүндөгү чоң маданий демилге катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG