Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Чаткал районунда жер көчкү коркунучундагы үй бүлөлөр башка жакка көчүрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Чаткал районундагы Шакафтар айылынын 5 үй-бүлөсү коопсуз жайларга көчүрүлдү. Анткени 17-июнда айыл жайгашкан адырдан жер жылып, андан пайда болгон жаракалардан улам 9 үй-бүлөгө коркунуч келиши күтүлгөн. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, Шакафтар айылындагы абалды изилдөөгө аталган министрликтин мониторинг департаментинин адистери жөнөтүлдү.

Облуста жер көчү, суу ташкын жана башка табият кырсыгы күтүлгөн 403 жай бар. Ал жайларда жашаган 1003 адам каражаттын тартыштыгынан орун которо элек.

XS
SM
MD
LG