Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:12

Демократияны колдоо борборунда ачык эшик күнү өткөрүлдү


ТАЛАС. "Ачык эшик" күнүн өткөрүү маалымат борборунун иштей баштаганынын бир жылдыгына арналды. Борбордун директору Гүлнара Избасарова АКШнын Улуттук демократиялык институтунун колдоосу менен ачылган маалымат борбору Талас облусунда демократиялык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө оң таасир этип жаткандыгын маалыматтар менен тастыктады.

Бир жыл ичинде борбор аялдар маселесине арналган конференция, кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, Россия Федерациясында барымтада кармалып жаткан бир адамды бошотууга, дайынсыз жоголгон эки адамды издеп табууга көмөк берген.

4506 адамга маалыматтык колдоо көрсөтүлүп, өз күчтөрү менен 132 ирет, ал эми башка уюмдар менен биригип 91 жолу ар кыл мазмундагы талкууларды уюштурушкан.

Журналисттер менен өткөрүлгөн басма сөз жыйынында борбордун ишмердүүлүгү туурасында өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары, баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «Бүткүл дүйнө боюнча балдарга камкордук» деп аталган кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү да өз каалоо-тилектерин айтышты.

XS
SM
MD
LG