Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Жер көчкү басып калган үч адамдын сөөгү 18-июнда табылды


БАТКЕН. Облустук жарандык коргонуу штабынан 18-июнда алынган маалыматка караганда, Баткен районундагы Кергешин жайлоосунда жер көчкү басып калган 3 адамдын сөөгү ушул эле күнү түшкө жуук табылды. Баткендин Үчдөбө айылынын мал багып жүрүшкөн Сатар Юнусов, Абдибаит Керимов жана Байыш Азимов аттуу үч тургуну 14-июнь күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында жер көчкүнүн астында калышкан. Бул тууралуу маалымат облустук жарандык коргонуу штабына 16-июндун кечинде түшкөн.

Ал эми 17-июнь күнү таң эртең менен 12 адамдан турган куткаруучулар кырсык болгон жерге жөнөп кетишкен. 3 адамдын сөөгүн табышкан куткаруучулар нөшөрлөгөн жамгырдан улам бийиктиги 50, эни 60 метрдей, жалпы жонунан бир жарым миллион кубо метр көлөмдө жер көчкү жүргөнүн аныкташкан.

XS
SM
MD
LG