Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Акыйкатчы аялдар түрмөсүн текшерди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын акыйкатчы Степное айылындагы аялдар түрмөсүн текшерүүнү аяктады. Акыйкатчынын кызматкерлери 9 күн ичинде аялдардын укуктарына, саламаттыгына, тамак-ашына байланышкан жагдайларын иликтешти. 200 аял медициналык, 100 аял лабораториялык текшерүүдөн өттү. Мунапыс берилип, бирок аз өлчөмдөгү карыздарынын айынан абактан кеталбай жаткан 14 аялдын береселерин акыйкатчы институту төлөп берди.

Турсунбай Бакир уулу бүгүн түрмөдөгү аялдар менен жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Дагы алты жыл жаза мөөнөтү бар 80 жашар аялга ырайым сурап, акыйкатчы президент Аскар Акаевге кайрылмай болду.

XS
SM
MD
LG