Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Уулуу заттардын калдыктарын зыянсыздандыруу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланды


БИШКЕК. Учурда Кыргызстандын аймагында уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн 35 жай бар. Анын ичинен жыйырма алтысы үстүбүздөгү жылдын август айынан тартып эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен зыянсыздандырылат. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев маалымдады. Анын айтымына караганда, кыргыз өкмөтүнүн эл аралык коомчулукка кайрылуусунан улам, уулу заттарды зыянсыздандырууга Дүйнөлүк банк тарабынан 5 миллион доллар, Япония өкмөтү 1 миллион 950 миң доллар, Глабалдык экология фонду 1 миллион, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 6 миллион 900 доллар каражат бөлдү.

Анын ичинде Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражат үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап Майлуусуудагы уулуу зат калдыктарын зыянсыздандыруу максатында колдонула баштайт.

Отурум соңунда Мыйзам чыгаруу жыйыны эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу менен уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу ишин тездетүүнү өкмөткө милдеттендирген токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG