Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Сессия газ тармагынын абалын талкуулайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кезектеги ХХ сессиясында отун-энергетика тармагын изилдеген депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын угат. Мындай чечимди бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, конституциялык мыйзам комитети чыгарды. Талкууда комиссиянын мүчөсү, депутат Давран Сабиров жетекчилик кылган «Ошгаз» акционердик коому жөнүндө сөз жүрдү. Депутаттардын бир даары «Кыргызгаз» менен «Ошгаз» ортосундагы чыр-чатакты депутат Сабировдун комиссиянын курамындагы ишмердүүлүгү менен байланыштырышты. Ал эми кечээ бул маселени Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитети «Кыргызгаз» акционердик коомунун сунушуна ылайык карап, «Ошгаздын» ишмердүүлүгүн текшерүүнү башкы прокуратурага тапшырган. Давран Сабиров буга чейин «Ошгазды» сындаган макалаларды жазып, «абийир, ар-намысыма шек келтирди» деген кине менен «Учкун» жана «Кыргыз руху» гезиттерин сотко берген.

XS
SM
MD
LG