БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы менен экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйыны өттү. Анда өлкөнүн 2005-жылда өнүгүүсү талкууланды. Жыйында айтылган маалыматка караганда, келерки жылы өкмөт инфляциянын көлөмүн 4% ашырбай, ички дүн продуктыны 4.6% өстүрүүнү, быйыл ички дүң продуктынын 91% түзгөн тышкы карыздын көлөмүн 84.4% түшүрүүнү көздөп турат.
Андан сырткары, инвестицияга шарт түзүү, энергетика жана мамлекеттик бийлик секторунда реформаларды жүргүзүү, экспортту өркүндөтүү сыяктуу милдеттерди аткарууну алдыга коюуда.
Андан сырткары, инвестицияга шарт түзүү, энергетика жана мамлекеттик бийлик секторунда реформаларды жүргүзүү, экспортту өркүндөтүү сыяктуу милдеттерди аткарууну алдыга коюуда.