Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

«Социнформ» президенттикке талапкерлер тууралуу сурамжылоо жүргүздү


БИШКЕК. 2005-жылга президенттик шайлоого талапкерлер боюнча бишкектиктердин пикирин «Социнформ» социологиялык кызматы иликтеп чыкты. Сурамжылоого 673 киши катышып, алар президенттикке сунушталган болжолдуу 25 талапкерге карата өз ойлорун билдиришти. Аларга: "эгер жакынкы жекшембиде шайлоо болсо аталгандардан кимди шайлайт элеңиз" деген суроо коюлуп, өз талапкерлерин атоого да мүмкүндүк берилген. Тизмеге президенттик мөөнөтү бүтүп бараткандыктан Аскар Акаев, кылмыш жообуна тартылгандыгына байланыштуу Феликс Кулов кирген эмес. Калган талапкерлердин ичинен Николай Танаев, Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров, Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев алгачкы алты орунду ээлешкен.

Ушул эле сурамжылоолордо Бишкекте белгилүү саясий партиялар катары «Арнамыс», «Алга, Кыргызстан» жана Коммунисттер партиялары аталган. Сурамжылоо президенттин карамагындагы стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун өтүнүчү боюнча 18-24-май аралыгында жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG