Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Иран уран байытуу ишин кайра башташы мүмкүн


Буга Тегеранды МАГАТЭнин кечээки резолюциясы аргасыз кылды. Ирандын аталган уюмдагы өкүлү Хасан Роухани ырастагандай, бул маселеде Евросоюз менен түзүлгөн келишим да жокко чыгарылышы ыктымал. Тегерандын көз карашында, Брюсселде европалык мамлекеттер менен түзүлгөн келишим жарабай калды. Аны европалыктар өздөрү бузушту, алар өз убадасына турбагандыктан биз да өзүбүздү кандайдыр бир милдеттенмелерге байлагыбыз келбейт, деп айтты Роухани. Иран Ислам Республикасы эч качан – не келечекте, не азыр атомдук курал жасоону көздөгөн эмес, деп кошумчалады ал.

МАГАТЭнин резолюциясында Иран уюмдун эксперттери менен толук кызматташпай жатканы үчүн сынга алынган эле. Документти Британия, Германия жана Франция сунуш кылып, аны Батыштын башка өлкөлөрү менен Россия да колдоду.

XS
SM
MD
LG