Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Фаллужа шаарында алтүндө турак-жай кварталы бомбаланды


Окуяга күбө болгондордун бири Ройтерстин кабарчысына бул жерге самолеттор келип бомба таштаганын, жыйырма экидей киши өлгөнүн, алардын ичинде балдар, аялдар, жаштар бар экенин айтып берди. Коалициянын командачылыгы болсо аталган райондо “Ал-Каиданын” Абу Мусаба ал-Заркави жетектеген тобунун бир нече мүчөсү жок кылынганын кабарлады. Ал эми Баакуба шаарында бүгүн кайрадан айыгышкан уруштар болуп өттү. Айрым кабарларда козголоңчулардан алтыдай адам өлгөнү айтылууда. Америкалык аскерлер менен жергиликтүү куралдуу топтордун кагылыштары эки күндөн бери уланууда, анын жүрүшүндө козголоңчулардан он бешке жакын киши окко учту, америкалыктардан бир жоокер мерт болду. Мындан тышкары Багдадда америкалык аскер базасы да минометтон аткыланды.

XS
SM
MD
LG