Ырасмий бийликтердин ырастоолорунда коопсуздук күчтөрү Абдулазиз ал-Мукрин менен дагы үч террорчуну жок кылганы айтылат. Алардын сүрөттөрү бүгүн телеканалдардан көрсөтүлдү. Бийликтер муну менен бирге ”Ал-Каиданын” Арапстандагы уюму толугу менен талкалангандыгын да айтып жатышат. Мындан бир күн мурда америкалык инженер Пол Жонсонду уурдап кетип, мууздап салган террорчулардын тобуна дал ушул ал-Мукрин жетекчилик кылган дешет. АКШнын Сауд Арапстандагы элчиси Жеймс Оберветтер Аравия жарым аралында “Ал-Каиданын” коркунучтуу очогун жок кылууда жергиликтүү бийликтердин аракеттине жогору баа берди.