Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Брюсселде Евроконституциянын долбоору жактырылды


Евросоюздун 25 өлкөсүнүн лидерлери талашып-таңашып жатып, акыры документтин корутунду вариантын бекитишти. Долбоордо аныкталган жоболорго ылайык, Евросоюзда чечимдердин көпчүлүгү бери эле дегенде он беш өлкөнүн макулдугу менен кабыл алынат. Мындан тышкары салык, тышкы саясат жана коргонуу чөйрөсүндөгү маселелерде союздун мамлекеттери вето коюу укугун сактап калышат. Франциянын президенти Жак Ширак бириккен Европа үчүн 18-июнь жана жетишилген макулдашуу талашсыз түрдө тарыхый мааниге ээ болгонун белгиледи. Долбоорго христиан динине байланышкан жобо киргизилген жок. Буга Ватикандын комуту толбой, Евросоюздун лидерлерин сынга алды.

XS
SM
MD
LG