Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:42

"Чернобылчылардын" жыйыны болду


НАРЫН. Чернобыль атом электр станциясындагы 1986-жылдагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине Нарын районунан жана Нарын шаарынан отуз беш адам жөнөтүлгөн. Өткөн он сегиз жылда алардын төртөө кайтыш болушкан. Сегиз "чернобылчы" шаарга сырттан көчүп келишкен. Мындай маалымат 19-июнда өткөрүлгөн "чернобылчылардын" жыйынында айтылды. Ага катышкан депутат Карганбек Самаков соңку жылдарда Чернобылда иштеп келгендерге көңүл бөлүнбөй калгандыгын белгилеп, "чернобылчылар" үчүн атайын мыйзам кабыл алуу бышып калгандыгын билдирди. Депутат "чернобылчыларга" эстелик медаль тапшырды.
Теңиртоо жергесинен Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюу максатында 123 адам иштеп келишкен.

XS
SM
MD
LG