Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Парламент уулуу заттардын калдыктары маселесин көтөрүп жатат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны радиоактивдүү уулуу заттар калдыктарын сактоочу жайларга байланышкан кооптуулукту азайтууга дүйнө коомчулугун чакырды. Мындай билдирүүнү парламент жума күнкү отурумунда жасаган.

Өкмөт мүчөлөрүнүн парламентке берген маалыматына караганда, азыр өлкөдөгү Кажысай, Майлуусуу, Карабалта, Актүз өңдүү аймактардагы уран калдыктарын сактоочу жайларда кырсык болсо, ал жеке эле Кыргызстанга эмес, Борбор Азия аймагына экологиялык зыян келтирет. Ошондуктан, парламент кырсыктарды алдын алуу үчүн эл аралык уюмдардан тышкары, кошуна Казакстандан менен Өзбекстандан да материалдык-каржылык жардам суроону тапшырды. Учурда өлкө аймагында уран калдыктарын сактоочу 30дан ашык жай бар.

XS
SM
MD
LG