Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Шанхай уюмунун премьер-министрлери Бишкекте жолугушат


БИШКЕК. Сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери Бишкекте жолугушары күтүлүп жатат. Анда негизги маселе катары экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттары талкууланат.

Уюмдун өкмөт башчыларынын жыл сайын өтүүчү отурумун Бишкекте өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин учурда Шанхай уюмунун катчылыгы жүргүзүүдө. Былтыр мындай жолугушуу Кытайда өткөн. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди.

1996-жылы негизделген Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG