Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Олимпиада оту дүйнө кыдырып жүрөт


Америкада Нью-Йорктун борбордук көчөлөрү аркылуу атлеттер олимпида отун алып өтүштү. Жүзгө жакын адам бул от менен шаар аралап чуркашты. Алтын медалдын ээси, белгилүү атлет Надия Команеси Олимпиаданын отун “Тайм Сквеа” аянтына алып келди.

Отту жолдон Бириккен улуттар уюмунун катчысы Коффи Аннан тосуп алды. Олимпиада отун колуна кармап ал мындай деди:

- Бул деген өзүнчө керемет. Улуттар ортосунда ынтымактын белгиси болгон ушул оттун Бириккен улуттар уюмунун жанына келиши кандай керемет.

Ушул жылдын 25-мартынан бери дүйнөнүн 5 континентин кыдырууга жол тарткан бул Олимпида отунун сапары Грециядан башталган. Нью-Йорк 14-чү шаары болду. 13-августта дүйнөлүк жайкы оюндар башталарда ал Афинага кайтып барышы керек.

XS
SM
MD
LG