Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Пакистан менен Индия өзөктүк куралдан баш тартуу жолунда


Эки күндүк сүйлөшүүнүн натыйжасында ушундай чечим кабыл алынгандан кийин атайын билдирүү таратылды. Эки тарап өзөктүк куралдарды азайтуу, бири-бирине каршы пайдалануу тобокелдигин азайтуу жана ортодо ишеним арттырууну көздөп, тарыхта биринчи жолу бул жагдайда сүйлөшүүгө барды. Индиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Навтеж Сарна мындай дейт:

- Ар бир тарап өз мораторийи тууралуу чечимин бекемдеди. Эгер кокус жалпы мамлекеттин суверенитетине коркунуч келтирген өзгөчө жагдайлар болсо анда пайдалуу жөнүндө сөз козгогон учурлар белгиленди.

Пакистандын да, Индиянын өзөктүк куралы бар жана алты жылдан бери сыноолор жүргүзүлүп келет. Эскерте кетели, эл аралык коомчулукта мурда согуш оту тутанган бул эки өлкөнүн ортосунда өзөктүк курал менен кагылышуу болуп кетпесин деген чочулоо дайым болуп келген.

XS
SM
MD
LG