Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

“Ал-Каида” лидеринин өлүмү тастыкталды


Сауд Арабиянын коопсуздук кызматы менен жума күнкү кагылышуу маалында анын лидери Абдулазиз ал-Мукрин набыт болгонун “ал-Каидага” тиешеси бар террордук топ өзү тастыктап чыкты. Интернет-баракчалардын биринде бул согушчан топ кол салууларды ого бетер күчөтөрүн билдирген. Ал эми бул топту жок кылуу боюнча операцияда Сауд Арабиянын бир коопсуздук кызматкери окко учуп, экөө жарадар болгон. Сауд Арабиянын тышкы саясат боюнча Вашингтондогу кеңешчиси Адел ал- Жибейирдин айтымында, “ал-Каида” бир кыйла алсырады:

- Биз башка өлкөлөрдөгү да бул каргашалуу топко тиешеси бар адамдарга мергенчиликти улантабыз. Биздин мамлекетте алардын акыркы мүчөсү жок кылынгыча күрөштү токтотпойбуз.

Соңку аскердик операцияда "ал-Каиданын" 12 мүчөсү туткундалып, 3 автоунаа жана курал-жарактары алынган. Ал эми согушчандар интернет-баракчадагы билдирүүдө катары суюлган сайын жихад жасоо күчөөрүн жар салды.

XS
SM
MD
LG