Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

УРАН КАЛДЫКТАРЫН САКТОО - КЫМБАТБАА ЖУМУШ, ТҮГӨТКӨН САЙЫН ТҮТӨӨН КОРРУПЦИЯ, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛПЫНГАНДАР АРБЫН


Уран жана уулуу зат калдыктарын сактаган жайларды бүлүнтпөй, бекем сактоого Кыргызстандын чама-чаркы жетишпейт. Саратан жайдан тарта Ысыккөл боюндагы эс алуу жайларынын баасы кымбаттайт. Анткен менен Кыргызстандагы эң маанилүү саясий маселе – президентке талапкер ким болору мезгилдүү басылмалардан түшпөгөн тема бойдон калууда.

Оболу кыргыз "берметинин" жээгинде эс алгысы келгендерге маалымат. Дүйшөмбүдөгү «Вечерний Бишкек» гезитинин жазганына ынансак, Ысыккөлдөгү эң арзан конок үйү киши башынан күнүнө 50, ал эми кымбаттыраактары 600–700 сомдон, капчыгы калыңдар үчүн андан да көп акча алышат. Кийинки жылдары тоого чыгууну каалагандардын саны да арбууда, деп белгилейт гезит автору Ойбек Хамидов.

Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жайлар кыйладан бери кароосуз калган болчу. Алардын ичинен абыдан коркунучтуусу Майлуусуу шаарынын жанындагы уран калдыктары. Жакынкы жылдары 26 уран калдыктары сакталган жайлар калыбына келтирилет. Мындай маалымат парламенттик жыйында айтылган. Журналист Эльвира Темирдин ырасташынча, Кыргызстандагы экологиялык кырдаалга Европа өлкөлөрү көбүрөөк кабатыр болушууда.

Гезиттин бүгүнкү санында эстеликтердин аталышын талдаган макала жарыяланууда. Бул күнкү басылмаларда кандай проблемалар козголгонун гезит кызматкерлеринен уксак. Сөз «Агым» гезитинин жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовада:

- «Агымдын» бүгүнкү санында сессиядан алынган жаңылыктар, дүйнө окуялары, Кыргызстанда акыйкатчы институту түзүлгөндүгүнө бир жыл толгондугуна байланыштуу Турсунбай Бакир уулунун маеги, жазуучу Кубатбек Жусубалиев менен «түз байланыштагы» суроо-жооптор жарыяланды. Өлкөбүздүн саясий-экономикалык өнүгүшүн талдоого алган макалага орун берилди. Баткендеги урушта набыт болгон жоокер баяны жарыяланды. Мамат Сабырдын «Интерпол кыргыз бийлигинин былыгын чукуйбу?» деген макаласында коррупция тууралуу кеп болот. Анда биздеги айрым аткаминерлердин чет элдик банктарда эсеп-чоттору бар экендиги айтылат.

Кенжебек Арыкбаев «Аалам» гезитинин жаңы санында жарыяланган материалдар тууралуу айтып бермекчи:

- Гезитте жакында Орусияга барып келген депутат Адахан Мадумаровдун маеги жарыяланды. Аңгеме-дүкөн «Мен аркы жээктен берки жээкке өткөн киши эмесмин» деп аталат. Ошондой эле, депутат Азимбек Бекназаров менен болгон чакан маегибиз бар. Анда өнөктөштөрү жалгыз К.Бакиевдин талапкерлиги менен чектелбестиги, башка атаандаштар да аталып калышы мүмкүн экендигин маалымдашкан. Дагы бир маек Ысыккөл облус губернатору Токон Шайлиева менен жүргүзүлгөн. Чолпонатада пикетте тургандардын талабына токтолгон облус жетекчиси Эртабылдынын эстелигин эртең эле барып ачып берүүгө даяр экенин билдирген.

«Эркинтоо» гезитинин шейшемби күнкү санындагы негизги орунду жаңы мыйзамдын тексти ээлейт. Аны басылманын жооптуу катчысы Бактыбек Имамадиевден уксак:

-«Администрациялык жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам жарыяланды.

Шейшембидеги «МСН» гезитинде Вячеслав Тимирбаевдин «Эгемен Кыргызстан: жаңылануу түйшүгү», А.Дүйшөмбиевдин «Коомдун айыкпас жарасы» деген аталыштагы макалалары жарыяланды. Анда республиканын экономикалык өнүгүшүнүн оош-кыйыштары тууралуу кеп болот. Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстан тууралуу пикири өтөле көтөрүңкү маанайда, четтен келген каадалуу коноктор көбүнесе мактоо менен гана чектелишери Рина Приживойттун «Көз жазгыруу өнөрү же алдоонун бал тилине азгырылган жүрөк» деген макаласында баяндалган. Коррупцияга каршы Бишкекте кандай күрөш жүргүзүлөрү Александр Ким менен Юрий Груздовдун макаласында козголгон.
XS
SM
MD
LG