ЖАЛАЛАБАД. Эки баланы өлтүрдү деп шектелген төрт адам тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн сотто баш тартып, күнөөлөрүн мойнуна албай тургандыктарын билдиришти. Былтыр июнь айында дайынсыз жоголуп, сөөгү бир жумадан кийин талаадан табылган 8 жашар эки баланын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тиешеси жок экендиктерин айтышты. Мамлекеттик айыптоочу менен адвокаттардын маалыматы боюнча, кылмыштуу топ балдарды көчөдөн алдап алып кеткен. Балдарды катып коюшуп, алардын ата-энесине 10 миң доллар талап кылган каттарды жиберишкен. Кичүүсү 17де, улуусу 75 жашка келген төрт адам Кылмыш кодексинин 97-, 123-, 176-, жана 163-беренелери боюнча айыпталышкан.