БИШКЕК. 12-июндан 17-июнга чейин Кыргызстандын чегарасын бузган 30, чегара эрежесин бузган 70 жана бир жерден экинчи жерге жашыруун көчүп жүргөн 100гө чукул адам кармалды. Мындай маалыматты бүгүн өлкөнүн чегара кызматынын басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, мындай мыйзам бузуулар КМШдагы мамлекеттердин чегара аскер жетекчилер кеңешинин Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн «Дружба-Достук» аттуу биргелешкен атайын иш чарасын өткөрүү маалында болду. Мындай иш-чара бир эле учурда Тажикстан, Казакстан жана Орусиянын аймагында өткөрүлдү. Анын максаты Борбор Азия мамлекеттеринин чегаралары аркылуу маңзаттарды ташуу, жашыруун мигранттардын жана террорчулукка колдонуучу куралдардын өтүшүнө тоскоолдук кылуу болду. Иш-чарага ички иштер, коргоо министрликтеринин, бажы, киреше боюнча мекемелердин өкүлдөрүнөн тышкары эки жарым миң аскер кызматчысы жана ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү катышты. Алар чегарадан 40 килограмм маңзатты, 10 килограмм героин, 90 тоннага жакын темир, 11 тонна мунай жана башка товарларды колго түшүрүштү.