Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссия жыйын өткөрөт


БИШКЕК. 11-июлда Бишкекте кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү белгиленүүдө. Анда транспорт маселеси жана эки тарап буга чейин жетишкен макулдашууларды аткаруу, экономикалык кызматташууларды өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин орун басары Эркин Мамкулов бүгүн билдирди. Маалым болгондой президент Аскар Акаевдин өткөн жылы декабрь айындагы Астанага сапары учурунда Казакстандын Кыргызстандагы мүлкүн таануу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берүү каралган. Бирок кыргыз парламентинин тийиштүү комитеттери ал макулдашууга каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG