Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Иран жатак мектеп курууга 1 миллион доллар бөлөт


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Иран ислам республикасынын тышкы иштер министрлигинин экономикалык мамилелер боюнча башкармалыгынын башчысы доктор Жалали келди. Анын сапары учурунда эки өлкө ортосунда меморандумга кол коюлат. Ага ылайык Иран тарап Чолпоната шаарында идиректүү балдарга мектеп-интернат курууга 1 миллион доллар бөлүп бермекчи. Андан сырткары доктор Жалали Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG