Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Курулуп бүтпөгөн жайлар өкмөткө кайтарылат


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү курулуп бүтпөй калган «Импаш-Манас» мейманкана-соода борбору менен «Пишпек» мейманканасын кайра өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен алынган маалыматка караганда, буга «Импаш-Манас» соода комплексин куруу укугун жеңип алган түркиялык «Импаш-Манас» компаниясы менен «Пишпек» мейманканасын сатып алган малазиялык «Сафуан Берхард» финансы компаниясынын инвестициялык келишимди өз убагында аткарбай койгондугу себеп болду.

«Сафуан Берхард» компаниясы «Пишпек» мейманканасын 2000-жылы өткөрүлгөн конкурста 68 миллион сомго сатып алып, аны ушул жылдын 15-апрелине чейин 3 миллион долларлык каражат сарптап курууга милдеттенген. Бирок аны аткарбагандан кийин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети компанияга каршы Биринчи май райондук сотко арыз берип, азыр сот жараяны жүрүүдө.

Ал эми «Импаш-Манас» мейманкана-соода комплексине берилген аянтты кайра алуу боюнча азыр өкмөт менен «Импаш-Манас» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анткени, аталган чет элдик компания менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү ушул жылдын декабрь айында толук аяктайт.

XS
SM
MD
LG