Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

Жаштар форуму өтөт


БИШКЕК. 22-июнда Борбор Азиядагы Америка университетинде «Жаштардын граждандык активдүүлүгү - демократиянын негизи» деген темада жаштар форуму болот. Ага борбордогу студенттер менен катар бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү да чакырылган. Форумда «Жаштардын саясий активдүүлүгү», «Келечектеги шайлоолор» жана «Адам укуктары» деген темаларда талкуу болот. Бул тууралуу форумду уюштуруучулардын бири Тимур Шайхиддинов бүгүн билдирди. Анын айтымында, форум «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун жардамы менен өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG