Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Ислам өлкөлөрү Кыргызстанга жардам көрсөтүүсүн улантат


БИШКЕК. 14-16-июнда Стамбул шаарында Ислам конференциясы уюмунун тышкы иштер министрлеринин 31-жолугушуусу болгон. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков катышып, сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Т.Кушчубековдун айтымында, конференцияда цивилизациялар диалогун жүргүзүү проблемасы, маңзаттарды ташууга жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланган. Жыйында Иракка 1-июлдан тартып суверенитеттин берилиши кубатталып, Палестинада «Жол картасы» тынчтык планы ишке ашырылбай жатканына тынчсыздануу билдирилген.

Конференцияда Кыргызстанга экономикалык жардам көрсөтүүнү улантуу маселеси оң чечилген. «Бул Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу биздин өлкөдөгү бир катар долбоорлорду каржылоого жол ачат»,- деп белгиледи Талант Кушчубеков.

XS
SM
MD
LG