Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Акыйкатчы Мыйзам чыгаруу жыйынына ачык кат жиберди


БИШКЕК. Бүгүн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына ачык кат жолдоду. Буга аталган палата акыйкатчынын жылдык отчетун карабай жатканы себеп болду жана ал депутаттардан отчетун тезинен карап берүүнү өтүндү. Мындай маалымат бүгүн Турсунбай Бакир уулунан алынды.

Акыйкатчы Конституциянын 58-беренесине жана "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамдын 10-беренесине ылайык «Адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы жана сакталышы» деген темадагы отчетун палатага ушул жылдын март айында жолдогон. Аны палата 1-апрелде угууга милдеттүү болчу.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, депутаттар өздөрү кызыкдар мыйзамдарды тезинен кабыл алууга ашыгып, отчетун карабай жатат. «Эгер палата акыйкатчынын отчетун угуп, сунуш кылынган токтомду кабыл алса, адам укуктарын басмырлаган мекеме, уюмдар менен кызматчыларды жоопко тартууга негиз болот эле”,- дейт Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG