БИШКЕК. Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Феликс Куловдун абактан шарттуу түрдө качан боштондукка чыгарын эсептеп чыга элек. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Владимир Носов бүгүн билдирди. Анын айтымында, министрликке акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун Куловду бошотуу тууралуу жазган каты келе элек, ал колго тийсе тийиштүү жооп берилет.
Акыйкатчы өткөн жумада министрликке жолдогон катында "«Кылмыш-жаза» кодексине жана «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзамга ылайык Феликс Кулов 5-августта шарттуу түрдө боштондукка чыгарылыш керек" деген корутундусун билдирген.